super.kg logo

Баткенде бажы кызматкерлерине жаңы батирдин ачкычтарын тапшырды

 

Баткенде Бажы кызматкерлерине кызматтык үйлөр курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков катышты.

Ага ылайык, жетекчилер үй ээлерин жаңы конуштары менен куттуктап, жаңы батирлердин ачкычын тапшырышты.

"18 батирге ылайыкташтырылган турак үйдө жашоо үчүн бардык керектүү шарттары түзүлгөн. Курулуш 2022-жылы башталып, бир жыл аралыгында республикалык бюджеттен курулуп бүттү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: