Энергетика министри көмүрдүн баасы канча сом болорун айтты
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкекте көмүрдүн баасы канча сом болорун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-сентябрда парламентте "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков көмүрдүн баасы эмне себептен өсүп жатканын сураган.
"Көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп жатат. Жай мезгилинде Ошто көмүрдүн килограммы 7 сомдон сатылып жатканын көрдүм. Бул эмне деген нерсе?", - деп сурады эл өкүлү.
Таалайбек Ибраев муну ортомчулардын бааны көтөрүп жибергени менен түшүндүрдү.
"Бишкекке көмүр келбейт дегенде, тургундар көмүр алайын деп дүрбөлөңгө түшүштү. Ошондо ортомчулар бул учурду пайдаланып көмүрдүн баасын көтөрүп жиберишет экен. Бүгүнкү күндө биздин эсептегенибиз боюнча Кара-Кеченин көмүрү темир жол аркылуу келе турган болсо, 4100 сомду түзөт. Аны кампадан жүктөгөн адам менен реализатордун кызматына 400 сом деп эсептеп, көмүрдү башка жерге жеткирип бере турган кызматты кошкондо жалпы 5 миң сомдон ашырбайбыз деп пландап жатабыз", - деди энергетика министри.
Ошондой эле ал Казакстандан келе турган көмүрдү дагы келишим түзүү менен дароо "Кыргыз көмүр" сатып алып, калкка ортомчусуз кайра ишкана аркылуу сатууну пландап жатканын кошумчалады. Ибраев маалымдагандай, быйыл Казакстандын көмүрү 6 миң сомдон ашпайт.
Буга чейин министр кыш мезгилинде кыргызстандыктар жалпы 2 миллион 746 миң тонна көмүр керектей турганын айткан. Анын ичинен Бишкек ЖЭБ күз-кыш айларына 1 миллион 100 миң тонна көмүр керектесе, борбор калаадагы жеке секторлордун көмүргө болгон муктаждыгы 132 миң тоннаны түзөт.

