Кыргызстанда пенсия көтөрүлгөндөн кийин орточо 9 миң 354 сомду түзөт
Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү көтөрүлгөндөн кийин 9 миң 354 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Маалым болгондой, министр 2023-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга көбөйөрүн айтып, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун билдирди.
"30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38 пайыз, 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Ага 3,9 миллиард сом каралды. Көбөйтүлгөндөн кийинки пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түздү. Ал эми азыркыга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1692 сомго жогорулайт. Ал эми так жогорулатуу ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот", - деди Алиев.
Мындан тышкары ал пенсияны көбөйтүүдө бул жылдын соңку 3 айына Социалдык фонддун эсебинен кошумча 3,9 миллиард сом бөлүнсө, бул сумма 2024-жылга карата кошумча 16,2 миллиард сомду түзөрүн айтты.



