Жалал-Абадда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын облустук спартакиадасы өттү (фото)










Бүгүн, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын XII облустук спартакиадасы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага облустун район-шаарларынан келген 200дөн ашуун ден солугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты.
“Биз тиешелүү мыйзамдардын чегинде майыптыгы бар жарандарыбыз мамлекеттин колдоосуна жана коргоосуна муктаж экенин ар дайым сезебиз. Облусубузда 51 миң 917 майыптыгы бар жарандарыбыз бар. Алардын ичинен 8 миң 165и бала кезинен майыптык алгандар.
Майыптыгы бар жарандарыбыз ага карап турбастан, өздөрү демилге көтөрүп, ар түрдүү тармактарда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатышат. Андыктан сиздер бүгүнкү дени сак коомго, жаш муундарыбызга чоң үлгүсүздөр”, –деди президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев.
Облустук спартакиадага ыйгарым укуктуу өкүлдүн резевдик фондунан 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Катышуучулар спорттун 8 түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, диплом жана медалдар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.