super.kg logo

"Айрымдары сыйлык алса, кээ бирлери камалып...". Аптанын урунттуу учурларын тизмектейбиз

 

11-сентябрдан 15-сентябрга чейин Кыргызстанда жана дүйнөдө көптөгөн окуялар болуп өттү. Кыргызстанда айрым инсандар жаңы кызматка дайындалса, айрымдары камакта калтырылды. Ошондой эле өлкө башчысынан сыйлык алгандар да болду. Өзгөчө көмүр маселеси кызуу талкууланып, бир нече облуста аскер кызматкерлерине батирлер берилди. Төмөндө аптанын урунттуу учурларын жана эң көп кызыгуу жараткан окуяларды тизмектейбиз.

Саясатта

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырова эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште депутаттардан кечирим сурады. Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев бул акыркы эскертүү экенин, депутаттарды кечиримдүү болууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышты. Анда өлкө башчы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Активист Мирлан Ураимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып, аны бошотууну талап кылган акцияларды өткөрүшкөн.

Ошондой эле бул аптада Бишкек шаардык сотунда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен Олжобай Шакирдин сот өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Эми Мадумаров 24-октябрга чейин, ал эми Олжобай Шакир 23-октябрга чейин камакта болушат.

Коом жана турмушта

Өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылып, салтанатттуу иш-чара болуп өттү.Ага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошуп жаткан дарыгерлер, педагогдор, жазуучулар, инженерлер, жаңы заманбап тармактардын адистери жана башкалар катышты.

Нарындын Жумгал районунун Чаек айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы имараты ачылды. Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышта Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу алынып, уруксат берилгенин билдирди. Буга чейин энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын айткан болчу.

Таласта мамлекеттик университетке жаңы ректор болуп Жыргалбек Шаршембиев дайындалса, Баткенде №2022 аскер бөлүгүндөгү жана "Кулунду" заставасындагы чек арачыларга жаңы кызматтык үйлөр берилди. Ошондой эле Чүйдөгү Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычы тапшырылды.

Баса, ушул апта ичинде Манас" эл аралык аэропорту биринчи жолу өз каражатына эки учак сатып алганын кабарлап кубантса, "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук" ишканасынын автопаркында 30 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Маданият жана спортто

Ушул жумада көпчүлүк күткөн Уильям Шекспирдин “Ромео Джульетта” спектакли Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлду. Аны Жамал Сейдакматова атындагы “Туңгуч” жаштар театры тартуулады. Спектаклге биринчи айым Айгүл Жапарова жана бир катар маданият өкүлдөрү катышты.

Бул саамалыкка утурлай Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Борбор Азиянын "Барселона" футболдук клубунун биринчи академиясына да ушул аптада кабыл алуу башталды.

Коңшу өлкөлөрдө жана дүйнөдө

Кыргызстандык Тешебай Жалиловдун коңшу Казакстандын Алматы шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттө 6 жаштагы баланы куткарып калганын бир нече чет элдик басылмалар жазып чыкты. Жалиловго баланын ата-энеси бул эрдиги үчүн ыраазычылык билдирсе, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги медаль менен сыйлады.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Амур облусундагы Восточный космодромунда жолугушуусу дүйнөлүк коомчулукта кызуу талкууланды. Жолугушууда Түндүк Кореянын жетекчиси "империализмге каршы күрөштө" Орусияга колдоо көрсөтө турганын жана Түндүк Корея дайыма Путиндин башкаруусу менен анын чечимин кубаттай турганын билдирди.

Apple компаниясы iPhone 15, iPhone 15 Plus, iPhone 15 Pro жана Pro Max уюлдук телефондорунун презентациясын жасады. Анда аталган компания жаңы чыккан уюлдук телефондордо мурдагы моделдерге караганда көп өзгөрүүлөр болгондугун маалымдады.

Ливиянын чыгышында катталган суу ташкынынан 11 миңден ашуун адам каза болуп, 20 миңден ашыгы изделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: