super.kg logo

Бишкекте ишкерлер үчүн масштабдуу форум болуп өттү

 

Күздүн эң маанилүү "ТЕРРА-ЗАПУСК" бизнес-форуму ишкерлер үчүн жаңы перспективаларды ачты.

11-сентябрда Бишкекте өлкөнүн бизнес-коомчулугуна олуттуу таасирин тийгизген иш-чара – ишкерлер үчүн “TERRA-ЗАПУСК” бизнес-форуму болуп өттү, ага жеке бизнеси бар 1000ден ашык адамдар катышты. Бул иш-чараны өткөрүү ишкерлерди бириктирүүгө жана колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү экенин далилдеген уюмдун - "TERRA-Бишкек" бизнес-клубунун жардамы менен мүмкүн болду.

"TERRA-Бишкек" - бул коммерциялык эмес уюм, ал клубга борбор шаарыбыздын 1600дөн ашык ишкерлери кирген. Клубдун негизги максаты - жаш ишкерлерди, ошондой эле жеке бизнесин ачууну жаңыдан ойлоп жаткан адамдарды бекер окутуу жана аларга насаатчылык кылуу.

Бирок мындай масштабдуу иш-чараларды уюштуруу жигердикти жана ыктыярдуу аракетти гана эмес, күчтүү жана ири өнөктөштөрдү да талап кылат. Бул жолу "TERRA-Бишкек" ишенимдүү өнөктөштү, атап айтканда Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүүнү колдогон каржы институтун - FINCA Банкты тапты, анткени анын кардарларынын басымдуу бөлүгүн ишкерлер түзөт.

“TERRA-ЗАПУСК” форумунда ар кандай бизнес чөйрөлөрүндөгү тажрыйбалуу жана ийгиликтүү ишкерлер, эксперттер жана инноваторлор тарабынан ар түрдүү темалар сунушталды. Катышуучулар заманбап тенденцияларды талкуулап, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, өз ишканаларын өнүктүрүүнүн жаңы стратегияларын үйрөнө алышты.

Мындай масштабдагы иш-чараларды уюштуруу өлкөдөгү ишкердикти колдоодо жана өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Ал билими менен алмашууга, жаңы байланыштарды түзүүгө жардам берет жана ишкерлерди жаңы долбоорлорду түзүүгө жана өнүктүрүүгө шыктандырат.

“TERRA-ЗАПУСК” форуму жана FINCA Банк менен өнөктөштүк ийгиликтүү ишкердик коомчулукту түзүүдө жамааттык аракеттердин маанилүү экенин баса белгилейт жана Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды жоёт. Бул иш-чаралар бизнес-коомчулукту гана бириктирбестен, өлкөнүн экономикалык өсүү жана инновация жолу менен алдыга жылышына да жардам берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: