super.kg logo

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан унаалардын кезеги пайда болду

 

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстандын “Ак-Тилек-автожол” жана Казакстандын “Карасуу-автожол” өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кезеги пайда болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, саат 16.00гө карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын маңдайында Кыргызстандан чыгууга кезекте 140 автоунаа турган.

Казакстан тараптан Кыргызстанга кирүүгө 40 автоунаа кезегин күтүүдө. Буга күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгү себеп болууда.

"Транспорт каражаттарынын топтолуусу циклдик мүнөзгө ээ”, – деп белгиледи Чек ара кызматы.

Белгилей кетсек, кыргыз тараптан дагы, казак тараптан дагы эч кандай чектөөлөр жок.

Эки мамлекеттин өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: