super.kg logo

Ниязбеков Казакстанда КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жыйынына катышты 

 

Бүгүн, 15-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков Казакстандын Түркестан шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин делегациялары, КМШнын Аткаруу комитетинин, шериктештикке мүчө мамлекеттердин Терроризмге каршы борборунун жана Уюшкан кылмыштуулукка, кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун өкүлдөрү катышты.

"Катышуучулар мамлекеттер аралык издөөнү ишке ашыруу, киберкылмыштуулукка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, транспорттогу кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерин, ошондой эле 2019-2023-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашып, биргелешкен ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жана атайын операциялардын жыйынтыктары чыгарылды", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: