super.kg logo

Зулушев Бакуда КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун кеңешине катышууда

 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган делегация Азербайжандын Баку шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жыйынына катышууда.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, анын жүрүшүндө Зулушев "Тестиер өспүрүмдөрдүн укугун коргоо жаатында Кыргызстандын прокуратура органдарынын тажрыйбасы" аталышында баяндама жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө прокурордук ишмердиктин түрдүү багыттары, КМШ мейкиндигинде трансулуттук кылмыштарга биргеликте чара көрүү, алардын алдын алуу үчүн тыгыз кызматташуу маселелери кеңири талкууланып, тажрыйба бөлүшүлдү.

Отурумдун жыйынтыгында Координациялык кеңештин бир катар чечимдерине кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: