Акылбек Жапаров Кумтөр компаниясынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводуна барды





Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмок шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын Желим жана башка буюмдарды чыгаруу менен автомобиль дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана калыбына келтирүү боюнча заводуна барды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, иштин жүрүшү менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров кайра өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандын өзүндө гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине дагы чыгарыларын билдирди.
"Эскирген дөңгөлөктөр кайра иштетилип жаңы продукцияга, тагыраагы желимге, текстилге, пресстелген материалга айландырылат. Завод учурда тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук кандуу ишке киргизүү ушул жылдын аягы же 2024-жылдын башы деп пландалууда. Ишкана иштеп баштагандан тартып 180ден ашуун адам жумуш менен камсыз болуп, саатына 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилип чыгарылат. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 миллион доллар жумшалып, кирешенин ички нормасы 33 пайызды түзөт", - деп айтылат маалыматта.



