super.kg logo

Садыр Жапаров: "Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы"

 

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы. Мындай билдирүүнү өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анда мамлекет башчысы эгемендүүлүктүн алгачкы 30 жылы оңой эмес сабак алууга кеткенин белгилеген.

""Сингапурдун башчысы ким болбосун, ал күчтүү эркке ээ болушу кажет же багынышы керек.

Бул карта оюну эмес.
Бул өмүрлөр: силердин жана менин.

Бул мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун".
Ли Куан Ю (16/09/1923 - 23/03/2015)

Бүгүн, 16-сентябрда элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук.

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы.

Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын: "Бул карта оюну эмес.
Бул өмүрлөр: силердин жана менин...", - деп жазды ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: