Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун көз караштар таймашы болду (видео)

Жеңил салмак категориясында беттешке чыккан мушкерлер акыркы жолу ушул жылдын март айында күч сынашкан. Анда Грассо Шевченкону муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Бул кыргызстандык мушкердин 2017-жылдан бери биринчи жеңилүүсү болгон.
Шевченко чемпиондук титулун кайрып алуу үчүн реваншка чыгып жатат. Ал эми Грассо эртең алгачкы ирет чемпиондук титулун коргойт.
Белгилей кетсек, 17-сентябрда Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен беттешет. Алар Бишкек убактысы боюнча жекшемби күнү эртең менен саат 9:00дө октагонго чыгары болжолдонууда.
Кыргызстандык мушкер тай бокс, кикбоксинг жана аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болуп саналат. Ал ММА спортундагы карьерасында 23 жолу жеңишке жетишип, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми мексикалык Грассонун эсебинде 16 жеңиш жана 3 жеңилүүсү бар.
Шевченко менен Грассонун көз караштар таймашы болду
Шевченко менен Грассонун көз караштар таймашы болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Uri24

16.09.2023. 15:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Валентина. Көптөгөн кыргыз кыздарына моралдык күч берип, алдыга карай шыктандырган өжөр айым экен.
Мындай айымдар эмне кааларын билет. Ал башкалардын астына ийилбейт, чөгөлөбөйт. Ал өзүнүн күчтүү жактарына жана мүмкүнчүлүгүнө ишенет жана максатына жетет.
Аkjol18

16.09.2023. 16:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сербиядагы чемпионатта, биздин балбандар качан килем үстүнө чыгышат. Расписаниелери барбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.