"Ата-Бейитте" кыргыз-тажик чек арасында курман болгон жоокерлер эскерилди





Бүгүн, 16-сентябрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курман болгон жоокерлер эскерилди. Эскерүү иш-чарасына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.
Митинг-реквием баатыр чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталды. Каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулду.
"Ата-Бейит" көрүстөнүнө бир жыл мурда чек ара жаңжалында курман болгон төрт аскердин сөөгү коюлган. Бул жерде келечекте аларга арналган эстелик орнотулары маалым болду. Эстеликтин эскиздеринин долбоорлору иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлдү.
УКМКнын басма сөз кызматы мындай митинг-реквиемдер Кыргызстандын бардык облустук чек ара башкармалыктарында өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылган, Тажикстандын 59 жараны каза тапканы айтылган.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан кыргызстандыктардын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.
Ал эми 2021-жылы апрель айындагы кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 20 адам набыт кеткен.



