УКМК Таластын "инкарчы" тургуну идеологиясынан баш тартканын билдирди
Талас облусунун тургуну "Йакын инкар" диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Талас ОИИБинин кызматкерлери менен биргеликте облус аймагындагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн.
"14-сентябрында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында сот тарабынан тыюу салынган аталган диний экстремисттик уюмдун тарапкери 1990-жылы туулган Ш.С.Э. өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул кыймылдын мыйзамсыз идеологиясына алдырбоого чакырды", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары дагы эки киши менен профилактикалык түшүндүрүү иши жүргүзүлгөнү кошумчаланды.





1 |