Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө балдар үчүн билим берүү комплекси курулат






Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектин жогору жагында жайгашкан Кой-Таш айылындагы №73 809 аскер бөлүгүнүн шаарчасында аскер кызматкерлеринин балдарына арналган социалдык-билим берүү комплексинин курулушуна капсула салынды.
Коргоо министрлигинен билдиргендей, ошондой эле жаңы спорт комплексинин ачылышы болуп өттү. Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, шаарчанын тургундары жана аскер бөлүктүн өздүк курамы катышты.
"Долбоор өзүнө 60 орунга ылайыкталган бала бакчаны, жыйындар залы менен билим берүү борборун, чет тилдер, компьютер жана тигүү класстары менен оюн аянтчасын камтыйт. Комплекстин аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да аткарылат.
Объекттин ишке берилиши менен шаарчанын тургундарында ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болсо, аскер кызматчыларынын балдарында алыс жерге барбай, үйдүн жанынан мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот", - деп айтылат маалыматта.



