Өлкө аймагында жалпы республикалык ишембилик өттү






Кечээ, 16-сентябрда өлкө аймагында жалпы республикалык ишембилик өттү.
Ага муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, жогорку жана орто атайын окуу жайлардын студенттери, жеке ишканалардын кызматкерлери катышып, өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү..
Ишембиликке:
- Президенттик администрациянын кызматкерлери;
- Бишкек жана Ош мэриясынын кызматкерлери;
- Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү;
- Райондук администрациялардын кызматкерлери;
- Тышкы иштер министрлигинин жамааты;
- Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери;
- Ички иштер министрлигинин өздүк курамы;
- Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамы;
- Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы;
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери;
- Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери катышты;
