super.kg logo
  Спорт  

"Кыл чайнашкан беттеш". Валентина Шевченко менен Алекса Грассо кайрадан күч сынашты (видео)

 
Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассонун беттеши орун алды.
Таймаш беш раундга созулду. Анын жыйынтыгында калыстар спортчулардын тең чыгышканын жарыялады. Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Грассодо калды. Бул эки спортчунун тең карьерасындагы алгачкы тең чыгуусу болуп калды.
Жеңил салмак категориясында беттешке чыккан мушкерлер акыркы жолу ушул жылдын март айында күч сынашкан. Анда Грассо Шевченкону муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Бул кыргызстандык мушкердин 2017-жылдан бери биринчи жеңилүүсү болгон.
Шевченко бул жолу чемпиондук титулун кайрып алуу үчүн реваншка чыккан. Ал эми Грассо алгачкы ирет чемпиондук титулун коргоду.
Кыргызстандык мушкер тай бокс, кикбоксинг жана аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болуп саналат. Ал ММА спортундагы карьерасында 23 жолу жеңишке жетишип, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми мексикалык Грассонун эсебинде 16 жеңиш жана 3 жеңилүүсү бар.





Шевченко менен Грассонун беттеши болуп өттү

Шевченко менен Грассонун беттеши болуп өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: