super.kg logo
  Спорт  

"Жеңиш мен тарапта болмок...". Валентина Шевченконун беттештен кийинки билдирүүсү (видео)

 

Жеңиш мен тарапта болду деп ойлогом. Мындай пикирин Валентина Шевченко Алекса Грассо менен болгон беттештен кийин билдирди.

"Менин оюм боюнча, эсеп менин пайдама 3:2 болду. Калыстар басым болуп жатканын сезишти окшойт, себеби бүгүн Мексиканын Эгемендүүлүк күнү. Ошондуктан алар мексикалык мушкерге дагы бир раунд беришти. Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок", - деди Шевченко.

Ал эми Грассо соккулары атаандашына караганда күчтүү болгонун, муну ал жеңиш деп эсептей турганын билдирди. Ошондой эле ал Шевченко экөөнүн күч сынашуусуна биротоло чекит коюу үчүн кайрадан рингге чыгабы же жокпу, азырынча белгисиз экенин айтты.

"Азырынча айта албайм. Машыктыруучу, менеджерлерим менен кеңешебиз, андан кийин көрөбүз", - деди Грассо.

Бүгүн Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассонун беттеши орун алды.
Таймаш беш раундга созулду. Анын жыйынтыгында калыстар спортчулардын тең чыгышканын жарыялады. Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Грассодо калды. Бул эки спортчунун тең карьерасындагы алгачкы тең чыгуусу болуп калды.
Жеңил салмак категориясында беттешке чыккан мушкерлер акыркы жолу ушул жылдын март айында күч сынашкан. Анда Грассо Шевченкону муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Бул кыргызстандык мушкердин 2017-жылдан бери биринчи жеңилүүсү болгон.
Шевченко бул жолу чемпиондук титулун кайрып алуу үчүн реваншка чыккан. Ал эми Грассо алгачкы ирет чемпиондук титулун коргоду.





Шевченконун таймаштан кийинки билдирүүсү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: