super.kg logo

Акылбек Жапаров Чүйдөгү уулуу калдыктар сакталган жайлардын жана карьерлердин абалы менен таанышты 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы уулуу калдыктар сакталган бир катар жайлардын жана карьерлердин абалы менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Акылбек Жапаров Куттуу-Сай 2 сейрек кездешүүчү жер элементтер кенине барды. Мында руданын кору 51,5 миң тонна, ошондой эле кошумча чалгындоо иштеринен кийин кошумча 75 миң тоннага чейин болору айтылды. Эксперттердин белгилөөсүндө, мындагы рудада молибден, висмут, коргошун, бериллий, күмүш жана башкалар бар.

"Буга чейин сейрек кездешүүчү жер концентраты “Кыргыз химия-металлургиялык заводу” (КХМЗ) ААКсында иштетилип келген. Акылбек Жапаров мына ошол заводдун абалы менен дагы таанышуу үчүн барды. Комбинат убагында жылына 500 миллион тонна продукцияны өндүрүүгө кубаттуулугу жеткен. Ишкана Куттуу-Сай 2 сейрек кездешүүчү жер элементтер кенинен комплекстүү кайра иштетүүнү ишке ашырып, Советтер Союзунун керектөөлөрүнүн 80 пайызын камсыз кылып келгени белгиленди

Мына ошол КХМЗнын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Кемин районунда 5 калдык сактоочу жай түзүлгөн. Төрт калдык сактоочу жай Ак-Түз айылында болсо, калган бирөө Орловка айылында. Өкмөт башчы калдык сакталган жайларга да барып, жайлардын абалы менен таанышты. Акылбек Жапаров мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана эксперттер менен биргеликте объектерди жеринде көрүп чыккандан кийин бир катар тиешелүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышы көзөмөлдө болоорун кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: