Бишкекте 15 жаштагы Жаркынай Тешебаева изделүүдө
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Жаркынай Тешебаева изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга кечээ Жаркынай Тешебаеванын апасы кайрылып, кызы ошол эле күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, көзү көк, чачы кыска, сары түстө.
Кийген кийими: кандай кийимчен кеткени белгисиз, бутунда ак кроссовка болгон, кара түстөгү "BIT" деген жазуусу бар сумка көтөрүп жүрөт.
"Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номерлер: 102, 0( 312) 352-605, 0 553 102 888, 0 502 250 815, 0 553 102 465, 0 703 401 600", - деп жазылат маалыматта.



