Жаныбек Абиров "темир адам" макамын алды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Италияда өткөн абройлуу Ironman жарышын аяктап, “темир адам” макамын алды.
Ironman мелдеши үч этап менен өткөн. Анда катышуучулар сууда сүзүү, чуркоо жана велосипед тебүү боюнча күчүн сынашты.
Анда Жаныбек Абиров 3850 метр сууда сүзүп, 180 чакырымды велосипед менен өтүп, 42,2 чакырым чуркаган. Бул үчүн ага 11 саат 49 мүнөт убакыт керек болгон.
Жыйынтыгында мурдагы депутат “темир адам” атайын медалы менен сыйланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.