Ошто эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт
Бүгүн, 18-сентябрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Түштүк Экспо - 2023” эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Көргөзмө-жарманкеге Орусия, Германия, Кытай, Иран, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Оман мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргызстандан Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй облустарынын жеке ишкерлери катышат.
Маалым болгондой, иш-чара ата мекендик компаниялардын продукциясынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыногуна чыгышына көмөк жана экономиканын түрдүү тармактарындагы акыркы жетишкендиктерди көрсөтүү үчүн уюштурулууда. Ошондой эле иш-чара аркылуу Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү да пландалууда.
Жарманкенин алкагында Кыргызстан менен бир нече өлкөнүн ишкерлери кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коюшу күтүлүүдө.




