super.kg logo

Эми Бишкектеги коомдук транспортто накталай акча алган айдоочулар иштен алынат

 

Бишкекте коомдук транспортто накталай акча алган айдоочулар иштен алынат. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев менен айдоочулардын ортосунда жыйын өткөн. Анда Бишкектеги автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча буйруктун аткарылышы тууралуу маселе көтөрүлдү. Айдоочуларга жүргүнчүлөрдөн накталай акча алганы аныкталса, жумуштан бошотууга чейин тиешелүү жаза чаралары көрүлөрү эскертилди.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, мындай учурларды четтетүү боюнча өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: