UFC: Валентина Шевченко Грассо менен тең чыккандан кийин кыргызстандыктарга кайрылды



UFC уюмунун мушкери Валентина Шевченко чемпиондук кур үчүн өткөргөн беттешинен кийин президентке жана кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.
"Рахмат менин кымбаттуу Кыргызстаным! Биздин президентибиз Садыр Нургожоевичке даярдыкка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Мени колдоп келген жердештериме рахмат", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Шевченко.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-сентябрда Валентина Шевченко чемпиондук кур үчүн америкалык Алекса Грассо менен беттешип, беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Бирок чемпиондук кур Грассодо калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.