super.kg logo

Индияда дарылоого мүмкүн болбогон вирус жайылууда

 

Индиянын Керала штатында дарылоого мүмкүн болбогон "Нипах" вирусу жайылууда. Бул тууралуу DailyMail басылмасы жазып чыкты.

Аталган вирустан 5 адам каза болгон. Керала штатынын бийлик өкүлдөрү мектептерди жана кеңселерди жабышкан. Учурда өлкө боюнча массалык түрдө вируска карата тест тапшыруу жүрүп жатканы айтылууда.

Штаттын башкы министри Пинарай Важаяндын айтымында, вирус 2 миллион калкы бар Кожикоде шаарында аныкталган. Министр тургундарды коркпоого, этият болууга чакырууда.

"Нипах" вирусу адамга жаныбардан жугат, ошондой эле булганган тамак-аш аркылуу же түздөн-түз адамдан адамга жугушу мүмкүн. Инфекциянын биринчи белгилеринин арасында баш оору, уйкучулук, андан кийин кээ бир учурларда курч респиратордук синдром жана мээнин сезгенүүсү пайда болот. Көп учурда бейтап комага түшүп, өлүп калышы мүмкүн. Азырынча бул вируска каршы вакцина жок.

Вирус биринчи жолу 1999-жылы Малайзияда аныкталган. Анда 300 адам ооруп, алардын 100дөн ашыгы каза болгон.

Ал эми Керала аймагында бул вирус 2018-жылдан бери төртүнчү ирет катталып жатат. CNN билдиргендей, азыркы этапта мамлекеттик бийлик инфекция жуккан жана каза болгондор менен байланышта болгон 700дөн ашуун адамды аныктаган. Алардын 70тен ашыгы ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогору деп эсептелип, туруктуу көзөмөлгө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: