Ички иштер органдары үчүн кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча окуу курсу башталды

Маалым болгондой, курс “Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен каржылык активдерди уурдоо боюнча кылмыштардын бетин ачуу" темасында болот.
ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Нурия Маматазизова уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, акыркы мезгилдерде IT технологияларды колдонуу менен көптөгөн кылмыштар жасалып жатканын айтты. Бул жарандарга, укук тартибине ошондой эле өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыктан аларга каршы адекваттуу чараларды иштеп чыгуу учурдун талабы болуп турганын кошумчалады.
Ал эми ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча улуттук кеңешчиси Шамшыбек Мамыровдун айтымында, тренинг Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча билим жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Белгилей кетсек, окуу курсу 22-сентябрга чейин уланат. Ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө кызматынын, КИББнын, БМЖКККнын, ЭММКАКнын, РОБдун 20 кызматкери катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.