Белград: UWW Орусия менен Украина балбандарынын жагымсыз беттеши боюнча үн катты
Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) жетекчилиги орусиялык жана украиналык балбандарга Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кол алышпоо сунушун берди. Бул тууралуу "Матч ТВ" телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, UWW жетекчилиги жагымсыз окуяларды болтурбоо үчүн орусиялык жана украиналык балбандарга турнирде кол алышпоону сунуштады. Ошондой эле, орусиялык калыстар украиналык балбандардын беттешине, ал эми украиналык калыстар орусиялыктардын катышуусундагы беттештерге дайындалбайт.
Эскерте кетсек, 61 килограммга чейинки салмак чениндеги 1/4 финалда украиналык балбан Валентин Блесецкий орусиялык Абасгаджи Магомедовдон жеңилип, андан кийин аны менен кол алышуудан баш тарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.