super.kg logo
  Спорт  

Күрөш: Белграддагы Дүйнө чемпиондугунда дагы бир жагымсыз окуя болду

 

Бүгүн, 18-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө.

Анда 65 килограмм салмакта чейрек финалда азербайжандык Гаджи Алиев менен армениялык Вазген Теванян кез келди.

Армениялык балбан бул беттеште бир топ активдүү болуп, эсеп саны беттеш бүтөрүнө 25 секунд калганда 11:2 болчу. Акыркы секундарда эки балбан килем үстүндө күрөшпөй эле жаңжалдаша кетишти. Аларды машыктыруучулары жана калыстар ажыратып калышты.

Жыйынтыгында калыстар азербайжандык балбанга сары айып кагазын көрсөтүп, армениялык балбанга 1 упай беришти.

Вазген Теванян Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахка байланыштуу ушул кезге чейин жаңжалдашып келгени баарыбызга маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: