super.kg logo
  Саясат  

Президент БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасына саммитке катышуу үчүн барды

 

Бүгүн, 18-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) боюнча саммитинин ачылыш аземине катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Форумдун негизги максаты – дүйнөнү бардыгы үчүн мындан да экологиялык, таза, коопсуз жана адилеттүү келечекке кайтаруу.

ТӨМ саммитинин ачылышында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Деннис Фрэнсис жана Экономикалык жана Социалдык кеңештин төрайымы Паула Нарваестер сөз сүйлөйт.

ТӨМ саммитинде эч кимди артта калтырбоо деген – 2030-жылга чейинки күн тартибинин негизги, кайра куруучу убадасын ырастаган саясий декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Бүгүн мамлекет башчысы ТӨМ саммитинин лидерлеринин диалогунун алкагында сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, эртең, 19-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: