super.kg logo
  Спорт  

Белград: Дагы бир Олимпиада чемпиону аны кумир туткан 20 жаштагы балбанга жеңилип калды

 

Бүгүн, 18-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө.

Анда 97 килограмм салмакта жарым финалда Бахрейндин атынан чыккан дагестандык Ахмед Тажудинов Олимпиада чемпиону Абдулрашид Садулаев менен кез келди. Бул беттеште Ахмед Тажудинов Олимпиада чемпионуна эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 9:2 эсебинде жеңип алды.

Муну менен Тажудинов Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Финалда ал азербайжандык Магомедхан Магомедов менен кез келет.

Белгилей кетсек, 20 жаштагы Ахмед Тажудинов Абдулрашид Садулаевди кумир тутуп, Махачкаладагы Ахмед Садулаев атындагы спорт мектебин бүтүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: