super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Нью-Йоркто Финляндиянын президенти менен жолугушту

 

Президент Садыр Жапаров кечээ, 18-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту.

Президенттин аппараты билдиргендей, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттарында кыргыз-фин мамилелерин өнүктүрүүгө басым жасап, биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Финляндия тарапка "жашыл" энергетика тармагында кызматташууну жолго салууну да сунуштады. Өз кезегинде Финляндиянын президенти Саули Ниинистё өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын ырастады.

Мындан тышкары, Саули Ниинистё эки өлкө ортосундагы экономикалык жана ишкер мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы менен кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өлкө лидерлери аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча да пикир алмашты. Тараптар эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабастан, Кыргызстан менен Финляндиянын мындан аркы кызматташуусу үчүн байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: