super.kg logo
  Спорт  

"Жапаровдун колдоосу маанилүү". Валентина Шевченко Грассо менен үчүнчү ирет Кыргызстанда беттешкиси келерин айтты

 

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко Алекса Грассо менен үчүнчү ирет Кыргызстанда беттешкиси келерин билдирди. Бул тууралуу ал MMAFightingonSBN Youtube каналына берген маегинде айтты.

"Үчүнчү беттешти Кыргызстанда, Эгемендүүлүк күнүндө өткөрүү туура жана акыйкаттуу болмок. Себеби Грассо да Мексиканын көз карандысыз күнүндө титулун сактап кала алды. Эгер UFС Кыргызстанга бара турган болсо, анда алар уюштуруп бере алат. Өлкөнүн бийлик өкүлдөрү колунан келгенинин баарын жасашмак. Менин беттештериме да Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү келишет, мени колдошот. Менимче, бул көп нерседен кабар берет. Өлкөнүн президенти Садыр Жапаров дагы спортко кызыгат, анын дагы ММА'ден кабары бар. Мен үчүн анын колдоосу аябай маанилүү", - деди кыргызстандык мушкер.

Эске салсак, 17-сентябрда кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен реваншка чыгып, ал тең чыгуу менен аяктады. Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Грассодо калды.

Жеңил салмак категориясында беттешке чыккан мушкерлер акыркы жолу ушул жылдын март айында күч сынашкан. Анда Грассо Шевченкону муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Бул кыргызстандык мушкердин 2017-жылдан бери биринчи жеңилүүсү болгон.
Шевченко бул жолу чемпиондук титулун кайрып алуу үчүн реваншка чыккан. Ал эми Грассо алгачкы ирет чемпиондук титулун коргоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: