super.kg logo

  РСК Банк: RSK24 мобилдик банкингде авто-унааларды онлайн кайра каттоо

 

Кыргызстанда биринчи жолу «РСК Банк» ААКсы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу «УНАА» мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте RSK24 мобилдик банкингде авто-унаа каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди.

“РСК Банк» финансылык тейлөө кызматтарды санариптештирүү боюнча ишти улантууда жана RSK24 мобилдик банкингинде мамлекеттик кызматтардын санын көбөйтүү боюнча тынбай иш алып барууда.

RSK24 мобилдик банкингге авто-унаа каражаттарын кайра каттоо ишин жүргүзүү жарандарга кезек күтпөстөн унааларды тез сатып алууга жана сатууга мүмкүндүк берет.

- Бул тейлөө кызматы калктын ыңгайлуулугу үчүн, мамлекеттик кызматтарды аралыктан алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан», - деп белгиледи «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Унаа каражатын сатып алуу-сатуу келишимин кайра каттоо жана түзүү үчүн сизде төмөнкүлөр болушу керек:

- сатуучуда: RSK24 мобилдик банкинг, булут алкагындагы электрондук санарип кол тамга (БЭСК), Кыргыз Республикасынын ИИМне караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө техникалык кароо (30 күндөн ашык эмес), айып пул жана күрөө талап этилбейт.

- сатуучунун жубайында: RSK24 мобилдик банкинг

- сатып алуучуда: RSK24 мобилдик банкинг жана БЭСК.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бул тейлөө кызматы IOS жана андроид телефонун колдонгон бардык жеке адамдар үчүн жеткиликтүү.

Маалымат үчүн. БЭСК калкты тейлөө борборлорунда тариздөөгө болот.

www.rsk.kg

КРУБ лиц. №033, 033/1






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: