super.kg logo

"50 миң окуучунун арасынан". Кыргызстандык окуучулар эл аралык дил баян сынагынан байгелүү кайтышты

 
Бүгүн, 19-сентябрда Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” дил баяндар сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык окуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
“Биз бул кубанычтуу кабарды өтө сыймыктануу менен кабыл алдык. Бул жеңиштин артында силердин аракетиңер менен мугалим жана ата-энеңердин колдоосу турат. Анткени ата-эне менен мугалим баланын билим алуусундагы, ийгиликке жетишүүсүндөгү негизги тамыр болуп эсептелет. Кыргызстандын атын, желегин эл аралык деңгээлдеги сынактарда коргоп, даңазалай беришиңерди каалайм”, - деди Усеков.
Эске салсак, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган сынакка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдөн 50 миңге жакын окуучу катышкан. Окуучулар дил баяндар сынагына улуттук баалуулуктар, көркөм нарктуулуктар, маданият, адабият жөнүндө жазышкан. Ал эми сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар аталган уюмдун башкы кеңсесинде 16-сентябрда тапшырылган.
Жеңүүчүлөр:
1- орун – Сезима Эсенгелдиева, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, З.Исаева атындагы №4 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу;
2- орун – Айбийке Кушбакова, Бишкек шаары, А.Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу;
3- орун – Канышай Жумагазиева, Бишкек шаары, №67 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: