super.kg logo
  Саясат  

Депутат мамлекеттик символдорду байпак, ич кийимдерге басууга тыюу салууну сунуштады

 

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев мамлекеттик символдорду байпак, ич кийимдерге басууга тыюу салуу керек деген пикирин билдирди.

Жыйында мамлекеттик герб жана тууну туура эмес жасап, колдонгондорго чара көрүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Сунушталган мыйзам долбоору колдоо тапса туу жана гербди стандартка ылайык эмес жасап саткан жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынары айтылды.

Белгилей кетсек, эгемен өлкөнүн негизги символдору болгон мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта, герб 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Туу жана герб мамлекет бекиткен стандарт менен жасалышы керек.






Жогорку Кеңеш 19.09.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: