Неймар, Малком ойноду. "Аль-Хиляль" өзбекстандык "Навбахорду" жеңе албай калды
Кечээ, 18-сентябрда сауд арабиялык "Аль-Хиляль" командасы менен Өзбекстандын "Навбахор" командасы Азия Чемпиондор Лигасынын биринчи турунда оюн талаасына чыгышты.Эр-Рияддын Фахд Падыша атындагы стадиондо болгон оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Оюндун алгачкы голун "Навбахордун" оюнчусу Тома Табатадзе 52-мүнөттө киргизди.
Ал эми "Аль-Хиляль" командасынын курамында атактуу футболчулардан Неймар, Малком жана Александр Митрович оюн көрсөтүштү. Сауд арабиялык клуб 100-мүнөткө чейин гол жарата алган жок. Андан соң Али Аль-Булайхи эсеп санын теңдей алды.
Эми командалардын жооптуу оюну 28-ноябрда Өзбекстанда болмокчу.
Эске салсак, бүгүн, Е тайпасындагы "Аль-Наср" клубу менен ирандык "Персеполис" клубу оюн талаасына чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-11-09
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















