super.kg logo
  Саясат  

"Талаптар аткарылбаса, келишим жокко чыгарылышы керек”. Ормонов ижарага берилген пансионаттар боюнча маселе көтөрдү

 

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү пансионаттардын учурдагы абалына кызыкты.

Ага экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов маалымат берди. Анын айтымында, пансионаттар ижарага алынгандан бери эч кандай оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн эмес.

Бүгүнкү күндө төрт пансионат Казакстандын министрликтеринин алдында болгондуктан биз сураган 3-4 жылдыздуу мейманканаларды курууга каражаты жок экен. Казак тарап инвесторлорду тартуу боюнча өзгөртүү киргизип бергиле деп суранган”, - деди Шатманов.

Эл өкүлү башка мамлекеттерге ижарага берилген пансионаттар жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбай жатканын сынга алды.

“Келишимге кол коюп, талаптарды айтып алып аны сураган эч ким жок. Келишимге кол коюлгандан кийин ал ким менен кантип курат, эмне ишибиз бар? 49 жылга бердик, талаптар аткарылбаса келишим жокко чыгарылышы керек”, - деди Ормонов.

Ошондой эле ал Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимди дагы тыкыр кароо зарыл экенин белгиледи.






Жогорку Кеңеш 19.09.23.

Жогорку Кеңеш 19.09.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: