Төрөбаев ун эмнеден улам кымбаттап жатканын айтты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө казак унунун баасынын жогорулашы жана мүмкүн болуучу күйүүчү-майлоочу майга болгон баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелер талкууланды.
Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуп, учурда республикада буудайдын тартыштыгы жок экенин, баанын өсүшү Казакстандан келген унга карата гана байкаларын белгиледи.
Мындан тышкары Кыргызстанда казак унунун кымбатташынын негизги себеби коңшу өлкөдөн Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун сезондук тыгыны экендиги белгиленди.
“Эгерде буудайдын чыныгы тартыштыгы менен байланыштуу экенин байкасак, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканалары үчүн керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз”, - деди Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу өкмөттү чара көрүүгө чакырган.



