super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Даниянын кызматташтыгы талкууланды

 

Кыргызстан менен Даниянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Ларс Расмуссен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы.

Маалымдалгандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, ошондой эле жалпысынан түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу зарылчылыгын белгилешти.

Көп тараптуу күн тартибинде тараптар эл аралык уюмдардын жана Евробирлигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

"Жолугушууда экономикалык өз ара аракеттенүүнү арттыруунун, өз ара байланыштарды колдоонун, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу министр Жээнбек Кулубаев даниялык тарапка Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү, келечекте эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү, биргелешкен бизнес-форумдарды уюштуруу, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташууну орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: