Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт

Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, спорттук иш-чара 6-10-октябрга белгиленген. Ага Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катыша алат.
Анда пианино жана скрипкада ойноо, көркөм сүрөт искусствосу, академиялык жана жеке элдик ырдоо, эстрада ыры, элдик бий өнөрү номинациялары каралган.
Мындан сырткары, фестивалдын программасына элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк багыты киргизилген.
Оюндар 2002-жылдан бери КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин чечимине ылайык өткөрүлүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.