super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эрдоган менен дагы жолугушту

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесине токтолушту, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүн камтыган учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашат жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен иш-аракеттерди белгилешет.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлдеги активдүү диалогду улантууга макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: