"Мен эмне кылдым?". Гүлзат Мамытбек ыйлап кайрылуу жасады (видео)
Блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда ал иш-чарада сүйлөп жатканда уюштуруучулар анын микрофонун өчүрүп салышканын айтып, көзүнө жаш алды.
"Мен түшүнбөй калдым. Залдагылар "Ал мотиватор, суранабыз" дешти. Уюштуруучулар Санжар Мыкыев чуркап келип, колумдан микрофонду алып алды. Мен Санжарга эмне кылдым түшүнбөйм. Кандай жамандык кылдым түшүнбөйм. Мен Нурсултан Майназаровго кандай жамандык кылдым түшүнбөйм. Же аял кишинин үнү жокпу? Эмнеге андай мамиле?", - деди көзүнө жаш алган Гүлзат Мамытбек.
Кийинчерээк ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дагы бир кайрылуу жасады. Анда ал уюштуруучулар кечирим сурашканын, ал кечиргенин айтты.
Гүлзат Мамытбек ыйлап кайрылуу жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.