super.kg logo

"Манас айтып, комуз чертип...". Бишкек милициясы мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата иш-чара уюштурду

 

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Токтоналиев, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, ИИМдин башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов, Мамлекеттик тил коомунун президенти Раимжан Курбанов, Арабаев университетинин "Манас таануу" кафедра башчысы Талантбек Рысбаев, Бишкек ШИИББинин Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Умсунай Абдыкулова, ошондой эле Бишкек шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.

Азамат Токтоналиев келген конокторду, ардагерлерди жана өздүк курамды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Ошондой эле чакырылган конокторго сөз берилип, өз каалоо тилектерин айтышты. Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.






Бишкек ШИИББ

Бишкек ШИИББ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: