Өкмөт буудай менен буудай унун экспорттоону убактылуу токтотуп турууну сунуштады
Өкмөт айрым айыл чарба товарларын Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору өкмөттүн сайтында жарыяланды.
Токтом кечээ, 19-сентябрда талкууга коюлган. Эгер токтом кабыл алынса буудай, меслин жана буудай унун экспорттоо алты айга тыюу салынат.
Ал эми мындай долбоордун сунушталышына өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу себеп болгону айтылган.
"Токтом унга жана азыктык буудайга болгон баанын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында иштелип чыкты", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Ал эми ундун кымбатташына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев казакстандык ишкерлер Кыргызстанга ун азыктарын жөнөтпөй жатканы менен түшүндүргөн.
