super.kg logo

Бишкекте ишкерлер күнү белгиленүүдө

 

Бүгүн, 20-сентябрда ишкерлер күнүнө карата Бишкектеги Тарых музейинде өлкө ишкерлерин сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жалпы ишкерлерди куттуктап, алар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, ишкананы ачуу, ишке киргизүү жана мамлекеттик бюджетке салыктарды үзгүлтүксүз төлөө аркылуу элдин байлыгын көбөйтүүгө өзгөчө салым кошуп жатканын белгиледи.

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес өкүлдөрүн Ишкерлер күнү менен куттуктап жатып, Соода-өнөр жай палатасынын негизги милдеттеринин бири - өз ара аракеттенүү, ишкерлерди коргоо жана аларга көмөк көрсөтүү экенин айтты.

Ал эми экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова министрлик ишкерлерди ишкер өнөктөш деп эсептей турганын билдирди.

Усенбекова белгилегендей, мамлекеттик-жеке диалогдун алкагында министрликтин аянтчасында бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча чаралар биргелешип иштелип чыгып, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча уюштуруучулук же укуктук мүнөздөгү чечимдер киргизилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: