super.kg logo

Нарында өсүмдүктүн тамырын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

 

Нарын облусунда жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 19-сентябрда саат 22.30да Ж.Ж. аттуу жаран “Муз-Төр” чек ара постуна ВАЗ-2121 Нива үлгүсүндөгү автоунаа келген. Транспорт каражатын текшерүү учурунда белгисиз өсүмдүктүн тамырлары салынган 3 кап табылган. Алардын жалпы салмагы 53 килограмм 400 граммды түзгөн.

Маалым болгондой, анда Кыргызстандын аймагында казууга жана мыйзамсыз жыйноого катуу тыюу салынган эндик (Арнебия) өсүмдүгүнүн тамырларын чек ара посту аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

"Кармалган жаран Ж.Ж. жана эндиктин тамырлары салынган каптар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ж.Ж. аттуу жаран жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесун же алардын бөлүгүн сатып алуунун жана сатуунун тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке жана айып пул төлөөгө тартылган.

Эске салсак, эндик өсүмдүгү жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөрдүн түрүнө кирет. Эндик Азия жана Түндүк Африкада өскөн дарылык касиети бар чөп. Жалбырактары кезектешкен түрдө өсүп, жашына жараша сары же кызгылт көк гүл ачкан өсүмдүк болуп саналат. Тамырдын курамында шиконин аталган биологиялык зат бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: