super.kg logo

Казак-Орус чек арасында жаңжал чыкканы тууралуу фейк маалымат тараткан адам кармалды

 

Коңшу Казакстандын полициясы Орусия менен Казакстандын чек арачыларынын ортосундагы жаңжал тууралуу жасалма видеону тараткан адамды кармады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Социалдык тармактарда Костанай облусундагы чек арада аскер кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал тууралуу комментарийи менен аскердик транспорттун видеосу тарады. Тараган видео жасалма болуп чыкты. Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 52 жаштагы Костанай шаарынын тургуну аныкталып, кармалган. Ал атайылап жасаган күнөөсүн моюнуна алды", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Тарап жаткан видеодо аскер кийими жана аскердик техникасы бар адамдар көрсөтүлүп, үндөрдө жаңжал Костанай облусунда болуп, азыр техника ошол жакка тартылып жатканы айтылат.

Казакстандын ички иштер министрлиги эч кандай чыр-чатак болбогонун, аскердик унаалар 8-сентябрда Костанайда өткөн пландуу машыгууга бара жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: