super.kg logo

Былтыр чакан жана орто ишканаларда 92 миң адам эмгектенген. Ишкерлер күнүнө карата статистика

 

2022-жылы чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы 15 944 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, мындай орточо маяна республика боюнча орточо деңгээлден төмөн.

Ал эми чакан жана орто ишканалардын саны 17 миңден ашкан. Мында иштеп жаткан ишканалардын эң көп саны (30 пайыздан ашыгы) өз ишин соода чөйрөсүндө, 14 пайызы - өнөр жайда жана 11,4 пайызы - курулушта жүргүзүшкөн. Иштеп жаткан ишканалардын 65 пайызга жакыны өз ишин Бишкек шаарында жүргүзүшкөн. Жалпысынан чакан жана орто ишканаларда былтыр 92 миң адам эмгектенген.

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун маалыматтары боюнча, 2023-жылдын 1-январына карата республиканын аймагында 442,5 миң жеке ишкер жана 473 миңден ашык дыйкан (фермер) чарбалары ишмердик жүргүзгөнү аныкталган.

Мындан сырткары, былтыр чакан жана орто ишкердик субъекттери өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү 420,4 миллиард сомду түзгөн.

Региондун өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө чакан жана орто ишканалардын эң көп үлүшү Ош шаарына (60,2 пайыз), ал эми эң азы Ысык-Көл облусуна (3,4 пайыз) туура келет.

Ошондой эле чакан жана орто ишкердик субъекттеринин дүң жана чекене соодасынын, автоунааларын жана мотоциклдерин оңдоонун жүгүртүү көлөмү 807 миллиард сомго барабар болсо, айыл чарбада (дыйкан чарбаларын кошкондо) 222,2 миллиард сом көлөмүндө продукция өндүрүлгөн.

2022-жылы дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан союу үчүн 225 миңден ашык тонна мал жана канаттуулар (тирүүлөй салмакта) же жалпы республика боюнча өндүрүштүн жалпы көлөмүндө 51,1 пайыз өндүрүлгөн, 871 миң тонна сүт саалган, 7,5 миң тонна жүн кыркылган жана 196 миллион даана жумуртка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: