super.kg logo

Италия кыргызстандык чабандарды  жардам берүүгө чакырууда

 

Италия Сардиния аралында айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн кыргызстандык чабандарды чакырууда. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазып чыкты.

Италиялык Coldiretti айыл чарбалык соода тобу эчки сүтүнөн быштак жасоо жана жылкы багуу сыяктуу адистиктер боюнча тажрыйбалуу чабандар менен кызматташуу ниетин билдирген.

Coldiretti 18-сентябрда Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен жергиликтүү чабандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө Сардинияда иштөөгө уруксат берүү боюнча келишимге кол койгонун билдирди. Компания мындай келишим кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн биринчи пилоттук долбоор экенин маалымдаган.

"Жаңы пилоттук долбоор 18 жаштан 45 жашка чейинки айыл чарба тармагында тажрыйбасы бар 100 кыргызстандыкты Сассари, Барбаги жана Саррабус айыл аймактарына көчүрүү максат кылат. Алардын визалары алгач убактылуу, кийин окуу жана стажировка программаларын аяктагандан кийин өзгөртүлөт. Италиядагы кыргызстандык жумушчуларга “маданий ортомчулар” колдоо көрсөтөт”, - деп айткан Coldiretti билдирүүсүндө.

Сардиния эт-сүт өндүрүү жана пляж курорттору менен белгилүү, бирок учурда бул аймактын экономикасы жумушчулардын аздыгына байланыштуу артта калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: