super.kg logo

Тоолуу Карабах бийлиги куралдуу күчтөрүн таркатууга макул болду

 

Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Тоолуу Карабахтын жетекчилиги Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын билдирди.

Таанылбаган республиканын бийлигинин айтымында, ок атышууну бир тараптуу токтотуу боюнча чечим Тоолуу Карабакта жайгашкан Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн ортомчулугу менен кабыл алынган.

"Армениянын Куралдуу Күчтөрүнүн калган бөлүктөрүн жана аскер кызматкерлерин Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн жайгаштыруу аймагынан чыгаруу жана Тоолуу Карабахтын Коргоо Армиясынын куралдуу түзүмдөрүн жоюу, толук куралсыздандыруу жөнүндө макулдашуу ишке ашты", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, согуштук аракеттер түзүлгөн келишимдерге ылайык, бүгүн саат 16:00дө токтотулушу керек.

Ал эми Азербайжандын президентинин администрациясы эртең, 21-сентябрда Евлах шаарындагы жолугушуу болуп, анда азербайжан тарап менен “реинтеграция” жана Тоолуу Карабахтагы армяндардын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкуулана турганын билдирди.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган. Кечээ кечкисин Баку “60тан ашык согуштук позициялар” көзөмөлгө алынганын билдирди.

Бүгүн эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында Азербайжандын “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: